Россияга болгон көз карандылыктын айынан ЕБде инфляция рекорддук чекке жетти

Эстонияда баалар бир жылда 19 пайызга чейин өсүп, аталган өлкөдөгүлөр санкциялардын кесепетин көбүрөөк тартууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россиянын энергетикалык ресурстарына көз карандылыктын айынан Евробиримдиктин Балтика боюндагы жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө керектөөчү товарлардын баасы өсүп жатат. Бул тууралуу Financial Times гезити жазганын РИА Новости билдирди.
Макаланын авторлору ЕБ өлкөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү инфляцияга дуушар болгонун белгилешкен. Баарынан да Эстония көбүрөөк кыйналууда, ал жакта баалар бир жылда 19 пайызга чейин өсүп кеткен. Мындай көрсөткүч Литвада — 16,8, Болгарияда — 14,4, Чехияда — 14,2, Румынияда — 13,8, Латвияда — 13, Польшада — 12,4 пайызды түзөт.
"Көпчүлүк европалыктар үчүн "Россия менен ымаласы канчалык жакын болгон сайын кирешеси ошончолук тез көбөйөт" деген принцип иштеп жатат", — деп жазылган макалада.
Экономист Анна Титарева еврозонада капчыктын жукарышы энергетикалык ресурстардын кескин кымбаттап кетишине байланыштуу экенин билдирген. Ошону менен бирге Европанын ичинде Түркияда лиранын курсу түшүп кеткендиктен инфляциянын деңгээли 70 пайызды түзүп, эң жогорку көрсөткүч катары айтылууда.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Россияга карата бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле алып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.
АКШлык ЖМКлар Россия экономикасын чөгөлөтүү аракети ийгиликсиз болгонун моюндады