Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдын" аймагын толук бошотушту. Акыркы согушкерлер чыгып жаткан видео

"Азовсталь" металлургиялык комбинатынын ичинде украиналык "Азов" тобунун согушкерлери 21-апрелден бери отурушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" комбинаты согушкерлерден толугу менен тазаланды. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу Россия президенти Владимир Путинге маалымат бергендигин РИА Новости аталган министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенковго шилтеме кылып жазды.

"21-апрелден бери "Азов"* нацисттик тобунун камалып калган согушкерлери "Азовсталь" металлургиялык комбинатынын аймагынан толугу менен тазаланып, бошотулду", — деген Конашенков.

Коргоо министринин жетекчиси Путинге Мариуполдун украин согушкерлеринин толугу менен бошотулгандыгын маалымдады. Комбинаттын жер алдындагы курулуштары да россиялык аскерлердин колуна өткөн.
Министрликтен 16-майдан тарта операциянын жүрүшүндө тосулуп, заводдун аймагында калып калгандардан, тагыраагы, Украина тараптын күчтөрүнөн 2 439 киши колго түшкөнүн маалымдады.
Кечээ эң соңкулары чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп берген.
Ведомстводон "Азовдун" командиринин коопсуздугун карашып, анын бир топ жырткычтык иштери үчүн жергиликтүү тургундардын жазалоосуна кабылтпоо максатында аталган жерден сооттолгон транспорт менен алып чыгышканын айтты.
Коргоо министрлиги "Азовсталь" заводунан акыркылардан болуп чыгып жаткан согушкерлердин видеосун да жарыялады. Роликтен алардын россиялык аскерлерге текшертүү үчүн жеке буюмдарын берип жатканын көрүүгө болот.
* "Азов" — РФте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аялдар, тапанчасын тапшыргандар... "Азовсталдагы" багынган согушкерлердин видеосу