Айдаркендеги автокырсык: көз жумгандардын экөө ӨКМ кызматкери болуп чыкты

Кырсыктаган автоунаа ӨКМге таандык экени, каза болгон кызматкерлердин Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн баратканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Айдаркен шаарчасына жакын "Чечме" көзөмөл өткөрүү жайынын жанындагы автокырсыктан көз жумган 8 кишинин экөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери экенин аталган министрликтен билдирди.
1 / 9

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Айдаркен шаарчасына жакын "Чечме" көзөмөл өткөрүү жайынын жанындагы автокырсыктан көз жумган 8 кишинин экөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери экенин аталган министрликтен билдирди

2 / 9

Тормозу иштебей калып ошол жерде турган адамдар менен автоунааларды тебелетип кеткен автоунаа ӨКМге таандык

3 / 9

Чечме айылында жайгашкан "Чечме" өткөрүү бекетинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа (трал) жол кырсыгына кабылган

4 / 9

Ал эми ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын маалымат кызматы "HOWO 6×4" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааны 61 жаштагы айдоочу айдап бара жатканда кырсыктаганын билдирди

5 / 9

1961-жылы туулган айдоочу А.К. "HOWO 6×4" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен алдынкы жүктөгүч "SEM655D" атайын техникасын алып баратып кырсыктаган

6 / 9

Анын себеби — "HOWO 6×4түн" тормозу иштебей калган, бул унаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык

7 / 9

"Чечме" чек ара өткөрүү постунда 13 автоунааны сүзүп токтогон

8 / 9

Ош шаарынан чыккан бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан

9 / 9

Алар каза болгондордун саны жети адам деп берүүдө

Тормозу иштебей калып ошол жерде турган адамдар менен автоунааларды тебелетип кеткен автоунаа ӨКМге таандык экени белгилүү болду.

"Чечме айылында жайгашкан "Чечме" өткөрүү бекетинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа (трал) жол кырсыгына кабылган. Акыркы күндөрү катуу жааган жамгырдан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында 8 үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыккан бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бараткан", — деп айтылган маалыматта.

Ал эми ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы "HOWO 6×4" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааны 61 жаштагы айдоочу айдап бара жатканда кырсыктаганын билдирди.
"1961-жылы туулган айдоочу А.К. "HOWO 6×4" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен алдынкы жүктөгүч "SEM655D" атайын техникасын алып баратып кырсыктаган. Анын себеби — "HOWO 6×4түн" тормозу иштебей калган, бул унаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык. "Чечме" чек ара өткөрүү постунда 11 автоунааны сүзүп токтогон", — деп билдирди ЖКККББдан.
Алар каза болгондордун саны жети адам деп берүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги да ушул санды айткан. Ал эми ӨКМ соңку маалыматында 8 адам деп кабарлады.
Эске салсак, бүгүн, 2022-жылдын 21-майында, болжол менен саат 16:00гө чукул Айдаркендеги оор жүк ташуучу автоунаа кыргыз-өзбек чек арасындагы "Чечме" көзөмөл өткөрүү жайында имаратты, ошол жерде турган адамдарды жана жеңил автоунааларды сүзүп барып токтогон. Маалыматта анын экскаватор жүктөп бара жатканы айтылган.
Чачырап кеткен автоунаалар. 7 кишинин өмүрүн алган Айдаркендеги автокырсык. Видео