Айдаркендеги кырсык: жүк ташуучу автоунаа тебелеп 7 киши көз жумду

Жалпысынан 14 адам жаракат алган. Алардын арасында беш бала бар экени да айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткендеги Айдаркен шаарчасынын жанындагы "Чечме" өткөрүү постундагы автокырсыктан жети киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Алар Саламаттык сактоо боюнча Баткен облусунун координатору Арзыбек Бөрүбаевге шилтеме кылышкан.

"Жалпысынан 14 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерден беш киши көз жумган, экөө ооруканага алып бара жатканда жолдо үзүлгөн. Жабырлангандардын ичинен эки адам медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген", — деп айтылган маалыматта.

Жабыркагандардын арасында беш бала болгон. Алардын экөө ар кыл жараткат менен Айдаркен шаарчасындагы ооруканага жаткырылган. Абалы орточо оор деп бааланып жатканы айтылды.
Эске салсак, Айдаркендеги оор жүк ташуучу автоунаа кыргыз-өзбек чек арасындагы "Чечме" көзөмөл өткөрүү жайында имаратты, ошол жерде турган адамдарды жана жеңил автоунааларды тебелеп кеткен. Маалыматта анын экскаватор жүктөп бара жатканы айтылган. Окуя болжол менен саат 16:00 чамасында болгон.
Баткен облустук милициясынан жарадар болгондор менен көз жумгандардын жарандыгы такталып жаткандыгын билдирди.
Кырсык болгон жерде Тез жардамдын эки бригадасы иштеген.
Аксыда жол кырсыгынан эркек киши каза тапты. Талкаланган көлүктөрдүн сүрөтү