БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткен аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы "Чечме" көзөмөл өткөрүү жайындагы жети адамдын өмүрүн алган трагедия боюнча видео социалдык тармактарда пайда болду.
Эске салсак, бүгүн, 2022-жылдын 21-майында, болжол менен саат 16:00гө чукул Айдаркендеги оор жүк ташуучу автоунаа кыргыз-өзбек чек арасындагы "Чечме" көзөмөл өткөрүү жайында имаратты, ошол жерде турган адамдарды жана жеңил автоунааларды тебелеп кеткен. Маалыматта анын экскаватор жүктөп бара жатканы айтылган.
Андан жети киши көз жумуп, 14 киши жаракат алган. Жарадар болгондордун бешөө балдар экени, алардын экөө учурда Айдаркендеги ооруканада орточо оор абалды жатканы айтылды.