Аялдар мончосуна уулуңузду алып барбаңыз! Урологдун кайрылуусу видеодо

Адис балага 3-4 жаштан тарта жыныстык тарбия берип баштаган оң деген пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Эс тартып калган уул баланы аялдар мончосуна алып барбаш керек. Бул тууралуу уролог Нурбек Моңолов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Адистин билдиргенине караганда, баланын 3-5 жашында эле сексуалдык багыты жана тандоосу башталат.

"Башкача айтканда, жаккан кызды тандайт. Анан туура эмес маалымат алып алса, ошол жолго бурулуп кетет. Бул сексуалдык жашоосуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан 3-4 жаштан тарта жыныстык тарбия берип башташ керек", — деди уролог.

Моңолов ата-эне балага эркек менен аялдын чек арасы болорун түшүндүрүү зарыл экенин кошумчалады.
Себеби белгисиз тукумсуздук деген бар. Уролог Нурбек Моңоловдун видеосу