Сүттү кайра иштетчү завод жана логистикалык борбор курууга Сокулуктан жер бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө бизнес үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунда сүттү кайра иштетүүчү завод менен логистикалык борбор курууга 16,3 гектар жер бөлүнөт. Бул тууралуу чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынганын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Жаңы-Жер айыл аймагынан бөлүнчү айдоо аянты "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жер аянты" категориясына өткөрүлөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө бизнес үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
"Муну менен бирге берилип жаткан жер тилкелери өз максатында пайдаланылышын көзөмөлдөө механизмдерин мыйзам чегинде бекитүү зарыл. Эгер туура эмес багытта колдонулганы аныкталса жер аянты кайра мамлекетке кайтарылгыдай болушу керек", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы ар кыл долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенген тараптардын кредиттик жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
Жапаров азербайжандык бизнесмендерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды