Сенатор Пушков: Батыш өткөн күн менен жашаганын койбоду, азыр реалдуулук башка

Алексей Пушковдун айтымында, АКШ буга чейин уккусу келбеген нерселерди эми акырындан өзү сунуштай баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Батыш Украинадагы жаңы реалдуулукка баш ийүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу россиялык сенатор Алексей Пушковдун Telegram-каналындагы постуна шилтеме берип "Известия" жазды.
"Кризистен чыгуунун жолун издөөдө Батыш саясатчылары өткөн чакка таянышат. Бирок кийин алар жаңы реалдуулукка баш ийүүгө аргасыз болушат. Бир нече күндөн бери Батышта Украинага НАТОдон тышкары бейтарап макамын, Донбасска автономия берүү керектигин акырындан айта баштагандар пайда болду. Бул нерсени Россия соңку бир нече жылдан бери айтып келет. Бирок АКШ аны уккусу дагы келчү эмес", — деди Пушков.
Май айынын башында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Батыш өлкөлөрүнө Украинада түзүлгөн аймактык реалдуулукту таанууга убакыт келди деп билдирген. Анын айтымында, Киев режими бийликке конституциялык мыйзамды бузуп келип, сегиз жылдан бери Донбасстын карапайым тургундарына каршы аскерий күч колдонууда. Россия маселени тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылып келген.
Небензя: Батыш Россияны бүк түшүрөм деп аша чаап кеткенин өзү байкабай калды