Радио

Мамытов: Украинадагы окуяны болтурбоого башчысынын тажрыйбасы жеткен жок

Саясий жана коомдук ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов Батыштын Россияга көз каранды болбойбуз деп аракет кылганы популизм экенин айтты.
Sputnik
Украинадагы атайын операцияны болтурбоого башчысынын тажрыйбасы жетпей калды. Өз учурунда туура ойлонуп, чечим кабыл алган жок. Бирок дагы деле кеч эмес. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Украинадагы атайын операция экономикалык согушка айланып калды.
"Батыш курал-жарак сатуу, аны жеткирүү жаатында санкция киргизсе түшүнөт элем. Бирок экономикалык, соода-сатык, банк системасына санкция киргизип, айрым саясатчыларга, олигархтарга чектөөлөр болууда. Мунун кесепетинен, тескерисинче, Европа элинин турмушу кыйындап, баалар өсүп жатат. Мындайча айтканда, мунун баарынын таасири жөнөкөй карапайым элге эле тийип жатат. Бул адам укугуна каршы келет. Санкция киргизүүнүн өз жолу, ыкмалары бар. Азыр XVII кылым эмес. Глобалдуу экономика, глобалдуу саясат жүргүзүлүп жаткан учурда мунун кереги жок болчу. Маданият, илим-билимге, спортко, медицинага тоскоолдуктарды жаратып жатат. Мисалы, кимдир бирөөнүн санкция киргизген мамлекетке операция жасатууга барышы керектир. Ооруп жаткан кишинин Украинадагы атайын операцияга кандай тиешеси бар? Бул операция экономикалык согушка айланып калды. Мурда Россия менен Украина дүйнө жүзүн нан менен камсыздап турган. Азыр Украинада талаа иштери токтоп, жалгыз Россия калды. Демек, эртең башка мамлекеттер Россияга кайрылат. Батыштын Россияга көз каранды болбойбуз деп аракет кылганы популизм деп эсептейм. Бир-эки жылдын ичинде энергоресурс менен өзүн-өзү камсыздап, көз карандысыз болуп кетүү реалдуу эмес. БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселеси 20 пайызга курчуду. Бул олуттуу көрсөткүч. Ооба, азыркы Украинадагы абалдын алдын алуу үчүн Германия, Франция, Россия, Украинанын башчылары Минскиде жолугуп, келишимге кол коюшкан. Бирок жети жыл өтсө да Донбасс боюнча Минск келишимдери аткарылган жок. Бул эл аралык стандартка жооп береби? Азыр эми маселени чечүүгө Түркия аракеттенип жатат. Жыйынтык жок. Андыктан нейтралдуу позициядагы Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай өңдүү мамлекеттер ортомчу болуп, көйгөйдү чечүүгө салымын кошо алат", — деди Мамытов.
Ал Украина өз учурунда улутчул-фашисттик идеологиянын жайылышын токтотуп, ага чара көрө албаганын, мындан орус аскерлери гана эмес, Украинанын эли запкы чегип жатканын кошумчалады.