БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Россиянын аймагында жүрүүгө тыюу салынгандардын кара тизмесинде Кыргызстандын 81 903 жараны турат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева парламентте "Элдик" топтун жыйынында билдирди.
Ал мындай маалымат РФтин тиешелүү органдары тарабынан 2022-жылдын 17-мартына карата алынганын белгиледи.
"Россияда чет элдик жарандар үчүн манжа каттоосунан, медициналык кароодон өтүү, сүрөткө тартуу сыяктуу милдеттүү талаптар киргизилген. Азыркы учурда бул негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. ЕАЭБдин алкагында жумушчулардын эркин жүрүүсүнө коркунуч туудурган тоскоолдуктардын бири деп эсептейбиз", — деди Алыбаева.
Ошондой эле ал кыргызстандыктар 1899 кыска номери аркылуу же онлайн түрүндө кара тизмеде бар-жогун текшерип алса болорун кошумчалады. Анын айтымында, migrant.kg деген сайтында бардык маалымат жайгаштырылган.