Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: маалымат айдыңында Россияга карата кадимкидей согуш жүрүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Маалымат айдыңында Россияга каршы толук кандуу, ири масштабдуу согуш башталды. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путиндин айтканын РИА Новости жазды.

"Россиянын маалыматтык инфраструктурасына акыркы жылдары жасалган киберчабуулдардын саны улам арбып бара жатат. Соңку жылдардан сырткары да, Донбасста, Украинада атайын операция башталгандан кийин чабуулдар бул тармакта өтө курч жана олуттуу мүнөзгө өттү. Негизинен Россияга каршы маалымат айдыңында кадимкидей, агрессиялык согуш башталды", — деди ал Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып.

Путин маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик система иштеп чыгууга тапшырма берди.
"Маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик системаны түзүү максатка ылайык деп эсептейм. Силерден да мамлекеттик башкаруу жана бийлик органдарында маалыматтык инфраструктуранын ишин туруктуу камсыздоо боюнча кошумча кандай кадамдар жасалышы керектиги боюнча конкреттүү сунуштарды күтөм", — деди ал Коопсуздук кеңештин катышуучуларынын арасында отурган тиешелүү адамдарга.
Мамлекет башчысы ири алдыда киберчабуулдардын, анын ичинде комплекстүү жасалган бул маанайдагы чабуулдардын арбыгандыгын айтты.
"Эксперттер, адистер белгилегендей, жалгыз-жарым иш кылган хакерлердин, албетте, тиши өтпөйт. Чабуул ар кыл мамлекеттерден келип, муну менен кошо эле так, даана кылып, жөндөлүп, биргелешип жасалууда. Мындайча айтканда, алар — мамлекеттик структуралар", — деди Путин.
Россия лидери бир катар мамлекеттердин армиясынын курамында расмий түрдө киберкүчтөр (аскерлер) бар экендигин кошумчалады.
Россия чүкөсү айкүр түшүп. Байдендин кибер чабуул боюнча айтканы чечмеленди