БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Россия экономикасын бүк түшүргүсү келген Батыш бүтүндөй өнүгүп келе жаткан дүйнөнү барымтага алып, ачарчылыктын босогосуна жеткирип койду. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн.
"Чынын айтканда, силер Россиянын экономикасын талкалап, дүйнөдөн обочолонтобуз деп жатып, аша чаап кеткениңерди өзүңөр байкабай калдыңар. Мен азыр экономикаңарга кесепети кандай болорун сөз кылбай эле коёюн", — деди Небензя.
Ошондой эле ал жетекчилердин катасы үчүн карапайым эл азап чегип жатканын кошумчалады.
"Өз ыктыярыңар менен өзүңөрдү эки бутуңарга тең атып салгыңар келип жатса, албетте, өз эркиңер. Бирок мындай тетири саясаттын артынан өзүңөрдүн салык төлөөчүлөр менен шайлоочулар кыйналып жатат", — деди өкүл.
Сөзүнүн соңунда дипломат азыркы башаламандыкты баарын баштаган Батыш гана токтото аларын, болгону эрк жана каалоо керектигин белгиледи.