Лейлекте сел 200 баш кой-эчкини агызып кетти. Сүрөт

Маалыматта сел жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Баул айылында 200 баш кой-эчкини агызып кетти. Маалыматты президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү таратты.
1 / 2

Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Баул айылында 200 баш кой-эчкини агызып кетти

2 / 2

Сел мал-жандыкты агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. Учурда чыгым такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча, турак үйлөргө жана тургундарга зыян тийген эмес

Сел мал-жандыкты агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. Учурда чыгым такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча, турак үйлөргө жана тургундарга зыян тийген эмес.
Ошол эле райондогу Катраң айыл өкмөтүнүн Катраң, Баул айылдарынан өткөн сайдан да сел агып, Раззаков — Катраң унаа жолунда таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Жол убактылуу жабык.
Өкмөт селден жабыркаган элге кредит же ссуда берүүнү карап жатат