Кыргызстанга инсулин качан келет? Башкы эндокринологдун түшүндүрмөсү

Инсулин жетишсиздигинен каза болгондор катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Эндокринология борборунун директору Наталья Добрынина инсулин жетишсиздиги боюнча көйгөйдү чечүү тууралуу айтып берди.
Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары республикада инсулин жетишсиз болуп, адамдар өлүп жатканын айтып нааразы болушкан. Буга жооп катары депутат Эльвира Сурабалдиева пост жарыялап, Кыргызстанга инсулин 8-июнда келерин билдирген.
Добрынинанын айтымында, май айынын аягына чейин Кыргызстанга инсулин аналогдорунун жана актрапиддин картридж формасындагылары келет.
"Учурда баары жеткирүү стадиясында. 8-июнда ДССУдан гуманитардык жардам катары протафан жана актрапид келет. Инсулиндин башка түрлөрү үчүн жеткирүү мөөнөтү такталууда. Республикадагы 1-типтеги диабет менен ооруган бейтаптар үчүн инсулин бар. Бул абдан маанилүү, анткени бул типтеги бейтаптардын организминде инсулин өз алдынча таптакыр бөлүнүп чыкпайт. 2-типтеги диабет менен ооруган бейтаптарга дагы инсулин бар. Убактылуу таблетканын аналогуна өтүүгө мүмкүн болгон бейтаптарга дарыгерлер абалына жараша дары-дармек жазышат. Эл кабатыр болбосун, инсулин толук көлөмдө келет. Азыр Кара-Суу шаарындагы заводдон чыгарылган инсулин шприцтери сертификациядан өтүп жатат", — деди Добрынина.
Ал жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы завод тарабынан эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу деп түшүндүрдү.
"Мындан тышкары, ушул жылдын февраль айында тендер үзгүлтүккө учурагандыктан көйгөй жаралган. Март айынан бери эл аралык фонддорго жана өндүрүүчүлөргө бир нече жолу кат жазып, алар мүмкүн болушунча инсулиндин бир бөлүгүн эрте жиберүүнүн жолун издеп жатышат", — деди дарыгер.
Ал белгилегендей, инсулин жетишсиздигинен каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Инсулин — адамдын денесинде углевод алмашууну жөнгө салуучу белок гормону. Инсулин секрециясынын бузулуусу жана жетишсиздиги 1-типтеги кант диабетине кептейт.
Бийлик: тамеки менен арак арзан болгондуктан элдин саламаттыгы начарлап жатат