Кыргызстандын прокурорлору толугу менен ротацияланды. Тизме

Мындай кадам прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү, коррупциянын тобокелдиктерин азайтуу үчүн жасалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен республиканын прокурорлору 100 пайыз ротацияланганын Башкы прокуратура кабарлады.
Мындай кадам прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү, коррупциянын тобокелдиктерин азайтуу, кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү-өсүү үчүн бирдей зарыл шарттар менен камсыз кылуу максатында жасалган.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратура органдары боюнча:
Бишкек гарнизонунун аскер прокурору — Эрматов Өмүрбек Ташиевич;
Ош гарнизонунун прокурору — Тентиев Марс Жанышбекович;
Жалал-Абад гарнизонунун прокурору — Сейдахматов Рустамбек Зоданбекович;
Балыкчы гарнизонунун прокурору — Сангимамат уулу Алмамбет.
Бишкек шаарынын прокурору — Нишанбаев Нурлан Шакарбекович;
Чүй облусунун прокурору — Каримов Эмир Каримович;
Нарын облусунун прокурору — Аттокур уулу Алтынбек;
Жалал-Абад облусунун прокурору — Киязов Алмаз Кемелбекович;
Ош шаарынын прокурору — Бектурганов Малик Маамыталиевич;
Ош облусунун прокурору — Асаналиев Максат Кубатович;
Толук тизме менен Башкы прокуратуранын сайтынан таанышууга болот.
Жапаров жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялады. Тизме