Көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча өз-өзүнчө турнир өтмөй болду

Эки команданын жетекчилери менен машыктыруучулары бекитилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Түркияда өтө турчу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча өз-өзүнчө турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы билдирди.
Мындан улам улуттук эки курама команда түзүлмөкчү. Анын алкагында жетекчилиги менен машыктыруучулары дайындалды.
Көк бөрү курама командасын Аскат Искендеров жетектеп барат, Нурлан Мамбетов башкы машыктыруучу, Урмат Мусаев улакчыларды даярдайт.
Көкпар боюнча курама команданы Мыктыбек Туташов жетектейт. Ал эми Тилек Урманбетов башкы машыктыруучу, Максат Кайдыбаев машыктыруучу болуп бекитилди.
Мындай чечим Көк бөрү федерациясынын жыйынында кабыл алынган. Кийинки чогулуш 27-май күнү өтөт.
Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык талкууланды