Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азов" неонацисттерине француз куралы кантип жетти? Ыктыярчы Макронго кайрылды

Мурдагы аскер кызматкери неонацисттер европалык курал алып жүргөнүн айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Эммануэль Макрон баштаган француз бийлиги Париж эмне үчүн "Азов" полкунун неонацисттерине курал-жарак берип жатканын түшүндүрүшү керек. Бул тууралуу Украинага гуманитардык миссия менен барган мурдагы аскер кызматкери Адриен Бокенин жергиликтүү ЖМКга берген маегине таянып РИА Новости жазды.
"Мен Франциянын өкмөтүнө кайрылып, жөнөкөй эле суроо бергим келип жатат. ССтин жана Үчүнчү Рейхтин белгилерин тагынган украиналык аскер түзүмдөрү кандай себептерден улам Франция жана Европа жеткирген куралдарды алып жүрүшөт? Буга кантип жооп бересиздер?" — деди Боке.
Мурдагы аскер кызматкери француз лидери азыркы кырдаалды билет деп божомолдоду.
"Эмне үчүн Макрон Украинага барбайт? Менимче, ал француз курал-жарактары менен ок-дарысы неонацисттердин колуна өтүп жатканын түшүнө баштады", — деди ал.
Ошондой эле ыктыярчы өлкөнүн аскерлеринин үчтөн экиси "Азов" неонацисттерине Батыштын курал-жарагы жеткирилип жатканына нааразы экенин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аксап, баштыгын сүйрөп... "Азовсталдан" чыккан туткундардын кезектеги видеосу