Евразия экономикалык форуму

Бишкектеги Евразия форумуна катышууга 1700дөн ашуун адам катталды

Евразия экономикалык форуму 26-май күнү борбор калаада уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте өтчү Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн 1700дөн ашуун адам катталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, иш-чара ЕАЭБ өлкө лидерлеринин катышуусу менен өтөт. Ага Казакстандын президенти келет, калгандары видео байланыш аркылуу кошулат.
"Бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден башка Түштүк-Батыш Азиядан, Ирандан, Кореядан, Молдовадан жана Венесуэладан табыштама келип түштү. Бул форумга катышууга жалпысынан 1700дөн ашуун адам каттоодон өттү", — деди өкмөт башчынын орун басары.
Ошондой эле ал конокторду тосуп алып жайгаштырууга чейинки логистика толугу менен даярдалганын кошумчалады.
Радио
Ибраев: Бишкекте өтчү форумга 50дөй өлкөнүн бизнес өкүлдөрү чакырылды