Себеби белгисиз тукумсуздук деген бар. Уролог Нурбек Моңоловдун видеосу

Уролог эркектин балалуу болбошуна ар кандай оорулардан тышкары экология жана тамак-аш да таасир этерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандык уролог Нурбек Моңолов эркектер арасындагы тукумсуздуктун бир нече себебин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Адис көп кишиде тукумсуздуктун себеби аныкталбай каларын белгиледи.

"Эркектердин балалуу болбой жатышын изилдеген эмгектер көп. Бирок тукумсуздуктун 35-60 пайызга чейин себебин билбейбиз. Текшерсе аялы деле, күйөөсү деле таза чыгат. Мунун себебин белгисиз тукумсуздук деп коюшат. Калган учурда эркектин урук безинде көйгөйү болот. Тукумсуздукка гипогонадизм, варикоцеле, гидроцеле, инфекциялык оорулар, коронавирус, мээдеги гипофиз, жаракат жана башка оорулар себеп", — деди уролог.

Ошондой эле айлана-чөйрө, анын ичинде кир аба, зыяндуу тамак-аштар тукумсуздукка кептей турганын кошумчалады.
Уролог мындан сырткары кичинекей балдарга памперсти кечке кийгизип жүрүү жумурткаларына зыян экенин эскертти.
Уролог: заарасын кармай албаган аялдар жардам алуудан тартынбашы керек. Видео