БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Электрондук навигациялык пломба долбоору ЕАЭБдин ичинде жүрүүнүн ачыктыгын жогорулатууга жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) бажы кызматташтык боюнча министри Максат Мамытканов билдирди.
Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) бажы кызматташтык боюнча министри Максат Мамытканов
© Sputnik / Владимир Трефилов
Ал бүгүн Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "ЕАЭБдеги бажы кызматташтыгы жана навигациялык пломбаларды колдонуунун келечеги" аттуу видеокөпүрөгө катышты.
"Бул долбоор менен өз ара соода жүгүртүүдө ачык-айкындуулукту гана жогорулатпастан, ЕАЭБ аянтчасындагы транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыра алабыз. Электрондук пломба технологиясы менен Кытайдын товарларын европалык жана башка рынокторго транзит менен өткөрүүнү жолго салабыз. Эң башкысы, коридор көзөмөлгө алынып, транспорт жана соода инфраструктуралары өнүгөт", — деди Мамытканов.
Анын айтымында, жүк ташуунун агымы көбөйгөн сайын экономикада өнүгүү болот, андыктан транзиттин кеңейиши менен ЕАЭБдин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт.
"Биз алдыбызда турган мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбашыбыз керек. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикасына пайда алып келүү үчүн ЕАЭБдин географиялык абалын пайдалануу зарыл. Жыл соңуна чейин электрондук пломбалар ишке кириши үчүн тиешелүү мыйзамдык актылар иштелип жатат. Ал үчүн ар бир өлкөдө электрондук пломба боюнча улуттук оператор түзүү шарт", — деди ЕЭК министри.
Ошондой эле ал былтыр декабрда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин жогорку кеңешинде электрондук пломбалар тууралуу макулдашуу жактырылганын айтты. Документтердин акыркысына 19-апрелде кол коюлган.