Пресс-борбор

Мамытканов ЕАЭБге кандай товарларды мыйзамсыз ташууга аракет жасаларын айтты

Министрдин айтымында, контрабанда менен күрөштүн бирден-бир ыкмасы — товарларды маркалоо.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин аймагына көбүнчө акциздик товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтык боюнча министри Максат Мамытканов билдирди.
Ал бүгүн Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "ЕАЭБдеги бажы кызматташтыгы жана навигациялык пломбаларды колдонуунун келечеги" аттуу видеокөпүрөгө катышты.
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтык боюнча министри Максат Мамытканов
"Көбүнчө санкция салынган товарларды алып кирүүгө аракет кылышат. Тез арада пайда бере турган чылым, алкоголь, акциздик товарлар мыйзамсыз алып келинет. Бул боюнча күрөш жүрүп жатат, анын бирден-бир ыкмасы — товарларды маркалоо", — деди Мамытканов.
Ошондой эле ал биримдиктин бардык бажы органдары тарабынан экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында бир катар иштер жасалып жатканын белгиледи. Мындай аракеттер кара ниет ишкерлерди көмүскөдөн чыгарып, мыйзамды аткарууга мажбурлоону көздөйт.
ЕАЭБде товар ташуу түйшүгүн жеңилдеткен бир катар чечимдер кабыл алынды. Тизме