Учурдагы эл аралык кырдаалдан улам ЕАЭБ саммити видеоконференция форматында өтөт

Жыйынга президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Жыйынга президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган. Анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бар.
Жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышмакчы. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.
Эске салсак, 2022-жыл ичинде Кыргызстан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.
Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефондон сүйлөштү