Радио

Сооронкулов: чачыранды алтынды казуудан өлкө пайда тапкан жок

Эколог Гамал Сооронкулов чачыранды алтынды казууга толугу менен тыюу салуу керек деген пикирде.
Sputnik
Кыргызстан чачыранды алтынды казуудан эч кандай пайда көрбөйт. Тескерисинче, экологиялык зыян тартып, жергиликтүү тургундар жабыркап келет. Андыктан азырынча бул багыттагы иштерди толугу менен токтотуш керек. Мындай пикирин Гамал Сооронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, Эти Бакыр-Терексай алтын кенинен да чачыранды алтын казылат.
"Эти Бакыр-Терексай алтын кени, андан ары Казан-Сайдан "Иштамберди" компаниясы алтын казып жатат, Кара-Дөбө, Кара-Үңкүрдө алтын запастары бар. Андан ары Таластагы "Жерүй", айтор, тилекке каршы, ушул чөлкөмдүн жеринин баары эле алтындан турат. Тилекке каршы дегенимдин себеби, азыр Кыргызстан бул жерлерден казылып жаткан кендин зыянын гана тартууда. Жергиликтүү калк климаттын запкысын жесе, экологияга келтирилген кооптуулук өзүнчө маселе. Бул жерлерден алтын казган компаниялар рекультивация иштерин талапка ылайык жасабай, эл аралык эрежелерди аткарбай жатышат. Жыйынтыгында өлкө бир тыйын пайда көргөн жок. Ал эми чачыранды алтынды казуудагы зыяндын олуттуулугун түшүнгөн адам жакшы билет. Андыктан биз дагы Монголиядай кылып 51/49 пайыз деген эрежени киргизишибиз керек. Мындай тартипти талап кыла албайбызбы, анда азырынча бул алтындын казылышына тыюу салып койгон эле дурус болмок", — деди Сооронкулов.
Ал өлкөдөгү алтын кендерин кыргызстандык инвесторлор өздөрү казганда гана мекенге аяр мамиле кыларын кошумчалады.