Бишкекте өзгөчө балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук аукциону өтүп жатат

Кызыл жарым ай улуттук коому чогулган каражат кайда жумшаларын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдарга жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук аукциону өтүп жатат.
1 / 5

Бишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдарга жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук аукциону өтүп жатат.

2 / 5

Кызыл жарым ай улуттук коомунун маалыматы боюнча, 2018-жылы уюм Талас облусунда Даун синдрому, аутизм жана шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбор куруп берген

3 / 5

Бул өзгөчө балдар үчүн уюштурулган жалгыз реабилитациялык борбор

4 / 5

Маалыматта вирустук оорулардын көбөйүшү менен кошумча профилактикалык чара көрүү зарылдыгы жаралганы айтылат

5 / 5

Аукциондо чогулган каражатка балдардын иммунитетин бекемдеп, инфекциялык оорулардын алдын алуу үчүн туз бөлмөсүн куруу каралууда.

Кызыл жарым ай улуттук коомунун маалыматы боюнча, 2018-жылы уюм Талас облусунда Даун синдрому, аутизм жана шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбор куруп берген. Бул өзгөчө балдар үчүн уюштурулган жалгыз реабилитациялык борбор.
Маалыматта вирустук оорулардын көбөйүшү менен кошумча профилактикалык чара көрүү зарылдыгы жаралганы айтылат. Аукциондо чогулган каражатка балдардын иммунитетин бекемдеп, инфекциялык оорулардын алдын алуу үчүн туз бөлмөсүн куруу каралууда.
Ошто Даун синдрому бар балдар үчүн атайын борбор ачылды. Сүрөттөр