Бишкек менен Кара-Балтанын айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Газ түтүктөрүнүн айрым бөлүктөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек менен Кара-Балта шаарларынын кээ бир жерлеринде үч күн бою газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" билдирди.
23-25-май күндөрү газ түтүктөрүнүн бөлүктөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрө турганы айтылды. Бул күз мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жасалууда.
Көгүлтүр от Бишкектин Жибек жолу проспекти менен Алма-Ата, ЧЧК, Табачная, Сүйүмбаев көчөлөрү кесилишкен аймагында өчүрүлөт.
Ал эми Кара-Балтада Кожомбердиев проспектинде, Пушкин, Фрунзе, Крылов, Садовая көчөлөрүнүн аймагында болбойт.
Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.
1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай берүүгө тыюу салынат