Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тууралуу маалымат чогултуп жатат. Себеби

Статистика түзүлгөндөн кийин муктаждарга жардам көрсөтүү жол-жобосу жеңилдээри айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тууралуу маалымат чогултуп жатканын билдирди.
Калктын аялуу катмары тууралуу маалыматтык база түзүү иштери жергиликтүү бийлик органдары жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, жашоо-шартынын деңгээли, социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү боюнча маалыматтар камтылат.
Министрлик мындай статистиканын жардамы менен социалдык колдоого муктаждарды, анын ичинде майыптыгы барларды аныктоого, алардын керектөөлөрүн баалоого, даректүү социалдык жардамдарды көрсөтүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи.
Ошондой эле муктаждардын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу — майыптыгы барлардын кызыкчылыктарын эске алып билим алуу жана иштөө укуктарын жүзөгө ашыруу механизми жеңилдейт.
Өкмөт калкка жардам көрсөтүү үчүн 500 млн. сом бөлүүнү пландап жатат