Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефондон сүйлөштү

Кыргызстан менен Россия өкмөтүнүн жетекчилери эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды", — деп айтылган билдирүүдө.
Маалымат кызматы тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешкенин билдирди.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефондон сүйлөштү