Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда конгресстин Украинага 40 млрд. доллар бөлүү чечими сынга алынды

Белгилей кетсек, бейшемби күнү АКШнын сенаты Киевге кошумча 40 миллиард доллар бөлүү боюнча мыйзам долбоорун жактырган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Америкага тынчсызданган ардагерлер" уюму АКШ конгрессинин Украинага кошумча жардам катары 40 миллиард доллар бөлүү боюнча шашылыш чечимине нааразычылыгын билдиргенин РИА Новости жазды.
Уюмдун башчысы Расса Дьюэрстайндин айтымында, ардагерлер конгресс Киевге жардам берүү чечимин Ак үйдүн Украинага карата стратегиясын билбей, америкалыктардын кызыкчылыгына жооп берерин аңдабай туруп кабыл алып жатканына нааразы.
"Вашингтондун шашылыш чечими америкалыктарга эле эмес, украиналыктарга да терс таасирин тийгизет. Анткени бул жерде согуштун узарып кетүү жана абалдын курчуп кетүү коркунучу бар", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бейшемби күнү АКШнын сенаты Киевге кошумча 40 миллиард доллар бөлүү боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Конгресстин төмөнкү палатасы бул мыйзам долбоорун өткөн жумада эле жактырып берген. Демилге учурда АКШ президенти Жо Байдендин кол коюусуна жөнөтүлгөнү айтылды.
Буга чейин сенатор Рэнд Пол Украинага жардам беребиз деп жатып АКШ өзү финансылык кыйроого кабылышы ыктымал экенин билдирген.
Эксперт: АКШ ири согуш ачууга даярданган, бирок Россия алдын алууга жетишти