АКШлык эксперт НАТОнун РФ чек арасына курал жөнөтүүсүн чекилик деп атады

Россия бир нече жолу Түндүк атлантикалык альянс конфронтация максатын көздөп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. СССР тарагандан кийин НАТО альянстын аймагын кеңейтүүнүн алкагында Россиянын чек араларына курал жөнөтүшү чекилик болгон. Бул тууралуу Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин Россия боюнча эксперти Дэниел Трейсман билдиргенин New Yorker гезити жазды.
Анын пикиринде, 1994-жылы Түндүк атлантикалык альянстын мурдагы советтик союздаштарды катарына кошуу чечими аны аңга түрткөн.
"1990-жылдары негизги эл аралык чакырыктар Россияны батыш дүйнөсүнө жакындатуу болгон. Батыш жаңы финансылык, коммерциялык, маданий жана саясий байланыштарды жөнгө салышы зарыл эле. Ошондой эле НАТОго кошумча катары Европанын коопсуздугу боюнча жаңы механизмдерди түзүшү керектелген", — деп айткан Трейсман.
Эксперт ошол учурда ийгиликтүү кадамдар жасалса, Чыгыш Европадагы коопсуздук камсыздалып калмак деп эсептейт. Бирок андай болбой Чехия, Венгрия жана Польша 1999-жылы НАТОнун курамына кирип кеткен.
"Батыш НАТОнун чыгышка курал жөнөтүшүнө Москванын реакциясын баалоодо да жаңылды", — деди эксперт.
Россия бир нече жолу Түндүк атлантикалык альянс конфронтация максатын көздөп жатканын белгилеген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков уюмдун мындан ары кеңейтилиши Европага коопсуздук алып келбей турганын, НАТО агрессиялык мүнөздө баратканын билдирген.
Путин НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып бара жаткандыгын айтты