Радио

НАТО менен ЖККУнун айырмасы. Атайын кызматтын ардагеринин түшүндүрмөсү

Атайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев НАТО (Түндүк Атлантика келишим уюму) менен Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) эмнеси менен айырмалана турганын түшүндүрүп берди.
Sputnik
ЖККУ уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн түзүлгөн. Мындай пикирин Нурлан Досалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, НАТО Югославия, Сирия, Ирак, Ливия, Афганистанды талкалаган.
"НАТО — чабуул койгон уюм. Ал дүйнө жүзүндө бир катар агрессиялык операцияларды жүргүзгөн. Алсак, БУУнун эч кандай мандаты жок эле Югославияны талкалашты. Ирак, Сирия, Афганистан жана Ливияда эмне болгонун баары билет. Ал эми ЖККУнун негизги максаты — коргонуу. Уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн түзүлүп, бир дагы мамлекетке кол салбайт", — деди Досалиев.
Ал НАТО чабуулунан миллиондогон адам жабыр тартып, каза болгонун кошумчалады.