ТЭЦте иштегендердин айлыгын көтөрөлү. Жапаров аталган ишканага барды. Сүрөт

ТЭЦ кышкы максималдуу жүктөм мезгилинде бир ири ГЭСтин кубаттуулугундай электр энергиясын иштеп чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Бишкек ЖЭБинин абалы жана анын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Жапаров ал жерден ыкчам кеңешме өткөрүп, анда "Электр станциялары" ААК жетекчилигине Бишкек ЖЭБинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карап чыгып, жакынкы аралыкта чечүүнү тапшырды", — деп айтылган маалыматта.
Президент Бишкек ЖЭБинде пландалган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Бишкек ЖЭБинин абалы жана анын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы менен таанышты

2 / 5

Президент Бишкек ЖЭБинде пландалган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды

3 / 5

Мамлекет башчысы Бишкек ЖЭБинин имаратын жана жабдууларын көрүп, турбиналык жана буу казан цехтеринин иши, жылуулук борбордун машина залын жана башкаруу системасынын жаңы блокторун, лаборатория менен таанышып, анда эмгектенген кызматкерлер менен баарлашып, иштөө шарттарына кызыккан

4 / 5

ЖЭБ директору Нургазы Курманбековдун айтымында, ишкана күнү-түнү иштейт, анткени ал Кыргызстандын электр энергияны керектөөсүнүн 1/10 бөлүгүн камсыз кылган электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы

5 / 5

Кышкы максималдуу жүктөм мезгилинде ЖЭБ 11 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат, бул ири ГЭС иштеп чыккан электр энергиясына барабар.

Мамлекет башчысы Бишкек ЖЭБинин имаратын жана жабдууларын көрүп, турбиналык жана буу казан цехтеринин иши, жылуулук борбордун машина залын жана башкаруу системасынын жаңы блокторун, лаборатория менен таанышып, анда эмгектенген кызматкерлер менен баарлашып, иштөө шарттарына кызыккан.
ЖЭБ директору Нургазы Курманбековдун айтымында, ишкана күнү-түнү иштейт, анткени ал Кыргызстандын электр энергияны керектөөсүнүн 1/10 бөлүгүн камсыз кылган электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы. Кышкы максималдуу жүктөм мезгилинде ЖЭБ 11 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат, бул ири ГЭС иштеп чыккан электр энергиясына барабар.
"Бишкек ЖЭБине жыл сайын 1,5 миллион тонна көмүр сатып алынып, график боюнча үзгүлтүксүз келип турат. Мазут боюнча эч кандай көйгөй жок, учурда жабдууларды пландуу оңдоо жана профилактикалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦинин аймагында 283 089 тонна көмүр бар", — деп билдирди маалымат кызматы.
Директордун айтымында, ЖЭБдин аймагындагы бардык көмүр салмактык көзөмөлдөн өтүп, келип жаткан катуу отундун сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн үлгүлөр алынат. Ошол замат лабораторияда кылдат талдоо жүргүзүлүп, күйүүчү майдын талап кылынган сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайыктуулугу аныкталат. Быйыл сапаттык көзөмөлдөө күчөтүлгөндүктөн 100 миң тоннага аз көмүр жагылган.
Үнөмдөлгөн 100 миң тонна көмүр 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине 100 миң тоннага азыраак сатып алууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, 1880 миң тоннанын ордуна 1780 миң тонна Кавак бассейниндеги көмүр (Кара-Кече көмүрү) сатып алынат. Мындан сырткары, жергиликтүү көмүрдү жагууга өткөндө 260 миллион сомго жакын үнөмдөлүшү күтүлүүдө. Бул Кара-Кече көмүрүнүн баасы былтыркы жылдын деңгээлинде — 1 тоннасы 3 миң 390 сомдон болгондо мүмкүн болот.
Ысык-Көлдө күндөн кубат алган электр станциясын куруу башталды. Сүрөт