WhatsApp тиркемесинде көпчүлүк күткөн функция ишке кирет

Азырынча аталган функция компьютерлер үчүн гана сыналып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. WhatsApp тиркемесинде эми тайпадан чыгып кеткен адамдын билдирүүсү катышуучулардын баарына келип отурбай турган функцияны ишке киргизүү алдында турат. Бул тууралуу "Лайфхакер" билдирди.
Буга чейин мессенджер тайпанын катышуучуларынын санын 512ге чейин көбөйткөн. Эми талкуудан катышуучулардын жапырт чыгып кетиши тууралуу билдирүү ошончо кишинин баарына келбестен администраторду эле маалымдар кылып коет.
Азырынча аталган функция компьютерлер үчүн гана сыналып жатат, жакын арада iOS жана Android үчүн да иштеп чыгуу пландалып жатканы айтылды.
"ВКонтакте" жаңы тиркеме киргизип, артыкчылыктарын санап берди