ЖМК: Түркия АКШнын чыр чыгаруу планын үзгүлтүккө учуратууда

Кошмо Штаттар үчүн азыр негизги миссия дүйнөдөгү үстөмдүгүн сактап калуу экени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Швеция жана Финляндияны НАТОго мүчө кылуу аракети менен АКШ Россияга каршы аскердик жаңжал чыгаргысы келип турат. Бирок Түркиянын альянстын кеңейүүсүнө вето коюшу Вашингтондун бул пландарына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Hürriyet гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун пикиринде, Кошмо Штаттарга азыркы негизги миссия — дүйнөдөгү үстөмдүгүн сактап калуу. Бул жагынан ал негизги союздаш жана жардамчы деп Улуу Британияны эсептейт.
"Андан соң Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүнүн, кыйынчылык менен болсо да биринчи кезекте Германиянын колдоосуна ээ болушту. Эми Россияны алсыратуу үчүн НАТОнун аймагын кеңейтүү планы турат. Мунун алкагында көптөгөн жылдар бою бейтарап позициясын билдирин келген Финляндия менен Швецияны катарына тартууда", — деп айтылат макалада.
Ошол эле АКШнын глобалдык жаңжалды уюштуруу пландарына Анкара тоскоол боло алары айтылды.
"Эгер Түркия НАТОго бул эки өлкөнүн мүчө болуп киришине макулдугун бербесе, бул бир гана Швеция менен Финляндияга эмес, бүткүл дүйнө үчүн чоң өзгөрүү алып келет. Анткени аталган мамлекеттердин НАТОго кирбей калышы Американын чыр-чатак чыгаруу планын үзгүлтүккө учуратат", — деди макаланын автору.
Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат тараткан. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршылыгын билдирген.
Ал эми 18-май күнү НАТОнун элчилери эки өлкөнүн арызын кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган учурда Анкара өзүнүн каршылыгы менен жалпы добуш берүүнү токтоткон.
Жо Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусун колдоорун айтты