Сузакта диний китептерди мыйзамсыз чыгарып жаткан басмакана аныкталды. Видео

Тинтүү учурунда 5 миңден ашык диний китеп табылып, экспертизага жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабиятты уруксатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, террористтик жана экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлгөн. Анда Б.А.К. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний китеп табылган.
Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагаздары жок болгон. Муфтияттын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес.
Тинтүү учурунда алынган китептер теологиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды