Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет

Вице-премьер Украинанын Запорожье облусунун Россия менен интеграциясын келечектүү деп баалады.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет. Учурда керектүү каражаттын көлөмү такталып жатканын вице-премьер Марат Хуснуллинге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ал Украинанын Мелитополь шаарында иш сапары менен жүрөт.
"Биз азыр баалоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бардык бошотулган аймактарды калыбына келтиребиз. Ошондой эле Россия менен байланышкан жолдор дагы четте калбайт", — деди Хуснуллин.
Мындан тышкары, вице-премьер Запорожье облусунун Россия менен интеграциясы келечектүү экенине токтолду.
"Россия менен иштешсе аймактын келечеги кең болот деп ишенем. Атап айтканда, айыл чарба өндүрүшүн жана өнөр жайын өнүктүрүүдө Запорожьеге колдоо көрсөтүлөт", — деди ал.
Хуснуллин "Запорожье" атомдук электр станциясы "Россияга иштей турганын", бирок импорттун акысы төлөнсө Украинага электр энергиясын берүүгө даяр экенин белгиледи.
"Электр энергиясы кампада сакталбай турган товар. Андыктан Украинанын энергетика системасы кабыл алууга жана төлөөгө даяр болсо, анда беребиз", — деди ал.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштаган.
ЖМК: Түркия АКШнын чыр чыгаруу планын үзгүлтүккө учуратууда