БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кытай, Индия, Түркия жана Бразилиянын позициясынан улам Батыштын Россияга карата санкциялары ойлогондой зыян келтирген жок. Бул тууралуу РИА Новости Süddeutsche Zeitung гезитине таянып кабарлады.
Маалым болгондой, бул мамлекеттер Москвага карата чектөө чараларын колдоодон карманып коюшту.
"Кытай, Индия, Бразилия жана Түркия өңдүү өлкөлөр Батыштын санкцияларына же такыр эле кошулган жок, же муну жарым-жартылай гана жасашты", — деп жазылат маалыматта.
Макаланын авторлору Россиянын экономикасы санкциялык кысымдарга карабай туруктуу экенин белгилеген.
"Күтүп жаткан финансы каатчылыгы болгон жок. Ички дүң продукция (ИДП) өтө төмөндөгөн жок. Валютасы да бат эле калыбына келди", — деп жазган Süddeutsche Zeitung.
Басылманын божомолу боюнча, мындай жыйынтык Борбордук банктын негизги коюмдарды 14 пайызга чейин төмөндөтүп, газга төлөмдү рубль менен кабыл алуу чечиминен улам болгон.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиши керек дешкен. Кремль аны буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. Бийлик мындай сценарийге мурдатан эле даярдангандыгын айтып, социалдык милдеттенмелер мурдагысындай эле аткарыла берерине ишендирген.
Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Мындай жагдай Европа биримдигиндеги көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.