Регионалдык бренддерди алдыга жылдыруу эл аралык семинарынын максаты — аймактагы кыргыз ишкерлерине өз товарларын чоң рынокко алып чыгууга көмөк көрсөтүү. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, семинарга Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун башкы директорунун орун басары Хассан Клейб келген.
"Кыргызпатент аймактагы бренддерди өнүктүрүү максатында эл аралык деңгээлдеги семинар өткөрүп жатат. Ага Россия, Өзбекстандын патенттик уюмдарынан өкүлдөрдүн келиши, Улуу Британия, Армения, Түркия жана башка өлкөлөрдөн онлайн катышары күтүлүүдө. Ошону менен катар эле биздин аймактардагы фермер, кол өнөрчү жана башка ишкерлик менен алектенип, бренд жараткан адамдар чакырылды. Алар өз бренддерин алдыга жылдырууда эмнелерге көңүл буруп, кандай кадамдарды жасашы керектигин семинардын жүрүшүндө маалымат алып, көптөгөн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларына күбө болушат. Бул биздин ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет деп ишенебиз", — деди Кудайбердиева.
Ал семинар болгону бир күн борбор калаадагы "Дамас" мейманканасында өтөрүн кошумчалады.