Ош мэриясы быйыл 30 көчөнүн тротуарын жаңылап, 20 аялдама курарын убадалады

Калаа башчысы тротуарларды, жолдорду асфальттоо жана квартал ичиндеги көчөлөргө кирүүчү жолдорду куруу боюнча тапшырма берген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Быйыл Ош шаарында 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20 аялдама курулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Быйыл Ош шаарында 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20 аялдама курулат

2 / 5

Вице-мэр Жасур Азимов калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун тротуарларды, жолдорду асфальттоо жана квартал ичиндеги көчөлөргө кирүүчү жолдорду куруу боюнча протоколдук тапшырмасынын аткарылышы менен таанышкан

3 / 5

Ал Анар кичи районундагы Дача тилкесиндеги тротуарлардын, Көкүм бий, Абдыкадыров, Курманжан датка көчөлөрүнүн боюндагы аялдамалардын курулушу, Раззаков көчөсүнө кирүүчү жолдорду асфальттоо иштерин көрдү

4 / 5

Ошондой эле Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн боюна аллея куруу үчүн мыйзамсыз соода түйүндөрүнүн жана тосмолордун бузулушун текшерген

5 / 5

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.

Вице-мэр Жасур Азимов калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун тротуарларды, жолдорду асфальттоо жана квартал ичиндеги көчөлөргө кирүүчү жолдорду куруу боюнча протоколдук тапшырмасынын аткарылышы менен таанышкан.
Ал Анар кичи районундагы Дача тилкесиндеги тротуарлардын, Көкүм бий, Абдыкадыров, Курманжан датка көчөлөрүнүн боюндагы аялдамалардын курулушу, Раззаков көчөсүнө кирүүчү жолдорду асфальттоо иштерин көрдү. Ошондой эле Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн боюна аллея куруу үчүн мыйзамсыз соода түйүндөрүнүн жана тосмолордун бузулушун текшерген.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.
Жалпысынан 2022-жылы Ош шаарында 30дан ашык көчөдө тротуарларды жаңылоо жана 20дан ашык коомдук транспорттор үчүн аялдама куруу пландалганы белгиленди.
Бишкекте жасалып, жамалып жаткан жолдор менен тротуарлар. Тизме