"Музейдеги түн" кандай өттү? Искусство дүйнөсүн чагылдырган 14 сүрөт

Кыргызстан "Музейдеги түн" эл аралык акциясын колдоду. Ага борбор калаадагы бир нече музейлер катышып, ар бири өзүнчө түрдүү программаларды даярдады.
Sputnik
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде ачык эшиктер күнү өттү. Коноктор экскурсияларга, лекцияларга, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мындан тышкары, музейге келгендерге Гапар Айтиев менен Семён Чуйковдун юбилейлерине карата жаңыланган экспозиция, жарманке, заманбап искусство чеберлеринин лекциялары жана концерттик программа тартууланды.
Ошону менен катар бул жерде Россия искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Анда 18-19-кылымдагы, ошондой эле совет доорундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери бар. Бул көргөзмө музейде туруктуу болуп калмакчы.
Ал эми Мамлекеттик тарых музейи театрлаштырылган программасын тартуулады.
1 / 14

"Музейдеги түн" акциясы 18-майда, Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулду

2 / 14

Түрдүү иш-чаралар менен коштолгондуктан музейге келген адамдардын саны көп болду

3 / 14

Михаил Врубелдин "Ак куу ханыша" картинасын көрүп жаткан конок

4 / 14

Сүрөтчүлөр келгендердин каалоосу менен портретин тартып берип жатты

5 / 14

Коноктор экскурсияларга, лекцияларга, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты

6 / 14

Ар кандай багыттагы концерттик программалар да уюштурулган

7 / 14

Сүрөтчү кыз музейге коюлган картиналар кантип жараларын ачык көрсөтүп берүүдө

8 / 14

Музейдин көргөзмөсү күн батканда жанданып, саат 22:00гө чейин уланды

9 / 14

Улуттук тарых музейинде театрлаштырылган акция болуп, аңчылык, жандуу аскердик салгылашуулар, улуттук оюндар көрсөтүлдү

10 / 14

Мындай искусство дүйнөсүн чагылдырган иш-чаралар чанда гана уюштурулат

11 / 14

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Россия искусствосунун көргөзмөсүн колдоп, келгендерге көрүнүктүү сүрөтчү Борис Кустодиевдин 1919-жылы тартылган "Волгадагы кыз" картинасы тууралуу айтып берди

12 / 14

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинин алдында ыр-күүлөр жаңырып, манас айтылып турду

13 / 14

Скульпторлордун коноктордун бюстун жасап жатканы таң калтырбай койгон жок

14 / 14

Музейге келгендерге кыргыз тарыхындагы каармандар дагы көрсөтүлдү