Жети-Өгүздүн айылдарынын биринде Лениндин бюстун салтанат менен ачышты. Видео

Демилге айылдагы мектептин мугалимдерине таандык. Алар 500 сомдон чогултуп, эски бюстту реставрациялатып, коё турган жерин даярдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Владимир Лениндин бюстун салтанат менен ачышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысы Турар Асаналиев айтып берди.
Бюст Ленин атындагы мектептин имаратынын жанына орнотулган. Бул иш-чаранын Коммунисттик партиянын жол башчысынын ысымындагы уюмдун 100 жылдык юбилейине арналгандыгын билдирди.

"Демилгени мугалимдер жамааты көтөрдү. Алар мектеп Лениндин ысымын алып жүргөнү менен эмнеге анын эстелиги жок деген суроону коюшту. Эски автобазанын жанында бюст бар экендигин, анын чекесинен кетилип сына баштагандыгын баары билишчү. 500 сомдон чогултуп, эски бюстту реставрациялатып, коё турган жерин даярдашты. Бүгүн юбилярдын урматына пионерлер жүрүш кылып, бюсту ачылып, жыйын, андан соң класстык сааттар өттү", — деген Асаналиев.

Ал бюстту реставрациялоого болжол менен алты миңдей акча кеткендигин айтты.
19-майда Владимир Ленин атындагы бүткүл союздук пионер уюмунун — СССРдеги балдардын жалпы уюмунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл болду.