БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кочкор районунда болгон үрөй учурган кырсыкты видеокамера жазып калган.
Жол кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, Теңдик айылында болгон. КамАЗ менен Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Жеңил автоунаадагы төрт адам мүрт кетип, эки адам жаракат алганы айтылган.
Видеодон автоунаалар бетме-бет кагылышкандыгын көрүүгө болот. Көз жумгандар 22 жаштагы жигит, 72 жаштагы байбиче, беш жана 13 жаштагы кыздар экени кабарланды. 16 жаштагы улан жана 22 жаштагы жигит жаракат алып, ооруканага жеткирилген.