БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кочкор районунун Теңдик айылында жүк ташуучу КамАЗ менен Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, төрт адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 125-чакырымында 18-май күнү эртең мененки саат 9:00дөр чамасында катталган. Кырсыктын кесепетинен 72 жаштагы аял, 23 жаштагы жигит, 13 жана 5 жаштагы кыздар мерт болду.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алган 23 жана 16 жаштагы жигиттер Тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.