Депутат камера жок жерде да унаа ылдымдыгын аныктоочу механизмди сунуштады

Эл өкүлү айдоочулар камера коюлган жерден өтөрү менен катуу айдап кырсыкка кабылып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев катуу жүргөн автоунааларды көзөмөлдөө үчүн "Коопсуз шаардын" камераларына орточо ылдамдыкты аныктоо механизмин киргизүүнү сунуштады. Аталган демилге бүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясында каралды.
"Грузияга барып сурап көрдүм. Жолдорго камера койгондон кийин башында жол кырсыктары азайыптыр, бирок бир убактан кийин кайра көбөйүп кетиптир. Анализдеп көрүшсө камера бар жерде жай, өткөндөн кийин катуу айдашат экен. Анан орточо статистикалык ылдамдык мыйзамын киргизишиптир. Мен да ошону сунуштап жатам. Мисалы, Бишкектен Балыкчыга чейин шашпай 120-130 менен айдаганда эки саатта жетет. Катуу айдаса 1-1,5 саатта барып калат. Биз камераларды эле тууралап 2-2,5 саатта жете тургандай кылып койсок маселе чечилет эле", — деди Маматалиев.
Орточо статистикалык ылдамдык механизми киргизилсе бир чекиттен экинчи жерге чейин белгиленген эреже менен канча убакытта жетсе болору аныкталат. Ал убакыттан эрте барып калса камера катуу ылдамдыкта жүргөн деп каттайт.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Азамат Исраилов бул жакшы идея экенин айтып, бирок "Коопсуз шаардын" камералары убакытты өлчөп каттай албай турганын билдирди.
Бийлик таксиден оң рулдуу автоунааларды алып салууну көздөп жатат