Радио

Ибраев: Бишкекте өтчү форумга 50дөй өлкөнүн бизнес өкүлдөрү чакырылды

Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти — ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин башчысы Данил Ибраев 26-27-майдагы экономикалык форумга даярдык тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Евразиялык экономикалык форумга 50гө чукул өлкөнүн бизнес өкүлдөрү чакырылды. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган форум жаңы рынокторду издеген ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүк болот.
"Кыргызстанда 26-27-майда ири экономикалык форумду өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Аны ЕАЭБдин эле алкагында эмес, дүйнөлүк деңгээлде уюштуруу максатталууда. Алсак, 50гө чукул мамлекеттен бизнес-өкүлдөрдү чакыруудабыз. Анын ичинен кеминде 20-30 өлкөдөн өкүлдөр катышат деген үмүт бар. Ал эми ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден 200гө чукул компания, ишкерлердин келиши күтүлүүдө. Учурда эки-үч транспорттук, он чакты өндүрүштүк долбоорлор даярдалып, өнөктөштөргө жөнөтүлдү. Форумда алар боюнча талкуу жүргүзүп, келишимдерди түзүү аракеттери көрүлөт. Жалпысынан алганда аталган экономикалык форумга даярдыктар кызуу жүрүүдө. Форум пандемиядан кийинки каатчылык, геосаясий абалдан улам келип чыккан экономикалык санкциялар шартында уюштурулууда. Ошондуктан бизнесмендер ушундай учурда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын издөөдө. Ошондуктан жаңы рынокторду издеп жаткан ишкерлердин инвестициясын алып калууга шарт түзүү зарыл", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал 27-майда медиафорум өтө турганын кошумчалады.