КРге бажы төлөмүсүз электромобиль алып келүүгө уруксат берилип, квота коюлду

Быйыл жеңилдетилген шартта 5 миң электротранспорт алып келе алышат, кийинки жылы квота эки эсе көбөйөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанга электромобиль ташып келүүдө бажы алымдарын жокко чыгаруу чечими чыкты. Токтомго 17-май күнү министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Аталган норма Евразия экономикалык комиссиясынын үстүбүздөгү жылдын 17-мартындагы чечиминин негизинде кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ал күчүнө кирди.
Ошол эле учурда квота коюлган. Ага ылайык, быйыл кыргызстандыктар бажы алымын төлөбөй 5 миң электромобиль, 2023-жылы 10 миң даана автоунаа алып келе алат.
ЕАЭБдин башка өлкөлөрү да белгилүү квоталарды алышкан. Ал эми Россия өзүнүн электротранспортун чыгарууга белсенип жатат.
Россиядагы заводдо "Москвич" аттуу электромобилдер чыгарылат