БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бажы кызматы электромобилдерге жеңилдиктерди алуу үчүн эмне кылуу керектиги боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу маалыматты аталган ведомствонун басма сөз кызматы таратты.
Тышкы экономикалык иштин катышуучулары электромобилдер келген жери боюнча бажы органдарына белгиленген үлгүдөгү арыз менен кайрылуусу зарыл.
Арыз төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл:
ташып кирген моторлуу транспорттук каражаттардын саны;
наркы;
чыгарылган жылы;
үлгүсү, модели;
кузовдун номери (шасси VIN);
УСД номери (убактылуу сактоо документи).
"Ошондой эле арыз менен бирге паспорттун жана жүк коштоочу документтердин көчүрмөсүн берүү зарыл. Бажы органдары бир жумушчу күндүн ичинде документти тышкы экономикалык иштин катышуучусуна берет, аны бажылык тариздөө жайына (БТЖ) көрсөтүү зарыл", — деп айтылган маалыматта.
Андан соң БТЖдагы бажы органдын кызматкерлери ЕЭКтин кеңешинин "Бажы биримдигинин комиссиясын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү" документине ылайык товарларды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.
Бажы кызматы бул жаатта толук маалымат алыш үчүн шилтеме аркылуу кирип таанышууга болорун билдирди.