БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Түркия Россия менен мамилесин үзүп салбайт. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдогандын Twitter баракчасына жарыялаган видеосуна шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ал Анкаранын Москва менен дагы, Киев менен дагы байланышы бар экенин айткан.
"Биздин Россия менен биргелешкен "Аккую" АЭС боюнча долбоорубуз бар. Кийинки жылы аяктап, ишке берилет. Бул биз үчүн абдан олуттуу булак", — деди Эрдоган.
Мындан тышкары, ал Түркия керектеген газдын жарымын Россиядан аларын кошумчалады.
"Бул биз үчүн стратегиялык маселе, мунун баарынан баш тарта албайбыз. Мен Путин менен да, Зеленский менен да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатам, алар менен мамилени үзгүм келбейт. Мен Москвага да, Киевге да өзүмдүн атайын өкүлүмдү жибердим. Дүйнөлүк жаңы согуш эч кимге пайдалуу эмес", — деди ал.
National Interest журналы дагы Түркияга Россия менен каршылашуунун эч пайдасы жок экенин жазды. Анын маалыматына караганда, Түркия колдонгон газынын 45 пайызын, мунайдын 17 пайызын жана буудайдын 70 пайызын РФтен алат. Ошондой эле былтыр өлкөгө келген туристтердин бештен бир бөлүгүн россиялыктар түзгөн.
Кошумчалай кетсек, Анкара Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болуу арызын колдобой турганын билдирген. Эрдоган Түркия бул маселеде чечкиндүү кадамга барып, альянстагы өнөктөштөрүнө жок деп жооп берерин ырастады.