ЕАЭБ мамлекет башчыларынын саммити онлайн-режимде өтөт

26-майда борбор калаада Евразиялык экономикалык форум болот, ал эми 27-майда бирикмедеги өлкө башчыларынын саммити пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБ мамлекет башчыларынын саммити 27-майда видеоформатта өтө турганын билдирди.
"Саммит кадимкидей эле өтөт деп даярданып жатканбыз. Бирок бир нече күн мурда мамлекет башчыларынын форумга видеоконференция аркылуу катыша турганы чечилди", — деп билдирди Мясникович.
Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отуруму Бишкекте 27-майда өтөрү кабарланган.
26-майда борбор калаада Евразиялык экономикалык форум болот.
Путин Бишкекте өтчү Евразиялык экономикалык форумга катышат