"ЕАЭБ өлкөлөрү экономикалык кыйынчылыктарга кантип каршы тура алат?" Видеокөпүрө

Иш-чара 19-майда саат 15:30да онлайн-форматта болот. Түз эфир Sputnik Кыргызстандын "Вконтакте" тармагындагы баракчасынан жана сайттан көрсөтүлөт.
Sputnik
26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүп, ага аталган биримдикке мүчө-мамлекеттердин президенттери катышат. Форумда кандай маселелер талкууланат? ЕАЭБ экономикалык кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн кандай кадамдарды жасайт? ЕЭК улуттук валютада курсту жөндөө жана өз ара эсептешүү жаатында кандай иштерди алып барат? ЕАЭБ мамлекеттеринин рыноктон кеткен чет элдик компаниялардын ордуна биргелешкен концерндерди түзүү планы барбы? Союз өлкөлөрүндө энергетикалык жаңы коридорлорду түзүүнүн келечеги кандай?
Бул жана башка суроолорго ЕЭКтин макроэкономика жана интеграция боюнча министри, экономика илимдеринин доктору Сергей Глазьев жооп берет.