Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы

Жамгыр жааганы менен абанын температурасы жылуу болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолун берип, жуманын аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы, кээ бир жерлеринде нөшөр болушу божомолдонуп жатканын айтты. Бишкекте өткүн өтүшү ыктымал.

Чүй, Талас облустары

21-22-майда эки облуста тең жамгыр жаашы, тоолуу жерлерге кар түшүшү ыктымалдыгы кабарланды. Кээ бир райондордо жамгырдын нөшөрлөп жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Чүйдө +21...+23, Таласта +19...+21 градус болорун кабарлашты.

Ош, Жалал-Абад, Талас облустары

Апта этеги түштүк аймактарда да жаанчыл болушу мүмкүн. Көпчүлүк жерлерде өткүн өтсө, айрым жерлерде нөшөрлөп төгүшү күтүлүүдө. Тоолуу жерлерге кар түшө турганы айтылды. Анткен менен абанын температурасы +22...+24 градус болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө дагы аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, көпчүлүк аймактарына жамгыр жаай турганы айтылды. Нарында термометр +16...+18, Ысык-Көлдө +15...+20 градусту көрсөтөт.
Ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы